Уроки по Joomla 3 можно найти здесь: http://joomla3x.ru/
Шаблоны Joomla 3 здесь: http://www.joomla3x.ru/joomla3-templates.html

02.11.2017 - Бишкек шаардык чакан кредит берүү агенттигинин ишмердүүлүгү

Просмотров: 492

2000 - жылы Бишкек шаардык чакан кредит берүү агенттиги (ЧКА) түзүлгөн. Уюштуруучунун чогулушунда 2004-жылдын 18-марттындагы №7 чечимине ылайык Уставы бекилген. Уставына ылайык Бишкек шаардык ЧКАнин Уюштуруучусу (Учредители) Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги, Бишкек шаардык мэриясы жана Бишкек шаардык каржы башкармалыгы, Бишкек шаардык эмгек жана иш менен камсыз кылуу департаменти болуп эсептелет.

Азыркы учурда ЧКА Бөкөнбаев көчөсү 99 жайгашкан. Бишкек шаардык чакан кредит берүү агенттигинин директору Канат Бейшекеев (сүрөттө) жана башкы эсепчиси Кулумкан Апилова.

 Берилген маалыматтарынын негизинде, акыркы насыя куржуну Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан 2012-жылы каржылаган жана кредиттик портфели 2017-жылдын 1-июлуна карата 24 683,5 миң сом каражатын түздү, анын ичинен:

 - мамлекеттик бюджет - 13 500,2 миң сом;

 - жергиликтүү бюджет - 11 183,3 миң сом;

Бишкек шаардык ЧКА 2017-жылдын 21-августуна карата берилген чакан кредит боюнча маалыматта, жарандардын колунда 11745,7 миң сом жана кассасында жана эсептешүү эсебинде акчалай калдык 13137,8 миң сом түздү, анын ичинен 12937,8 мин сому насыя сумма, 200,0 миң сому пайыздын суммасын түздү.

 2017-жылдын 1-августуна карата жалпы кредиттик портфели 24 683,5 миң сомдон жарандардын колундагы кредит өлчөмү - 11745,7 миң сом, ал эми эсебинде -13137,8 миң сом акчалай каражатты түздү (24 683,5= 11745,7+13137,8).

 Аудиттин текшерүүнүн негизинде кредиттик портфели толугу менен колдонулуп жаткандыгы аныкталган.

 Текшерилген күнгө (21.08.2017ж.) жарандардын колундагы кредит өлчөмү - 11745,7 миң сомдун ичинен 6750,0 миң сом жарандын колундагы кечиктирилген карызды түздү. Бул 6750,0 миң сомдун ичинен бүгүнкү күнгө карата - 3366,5 миң сом бөлүнүп төлөнүп жатат. Бул жалпы кечиктирилген карыздын ичинен мөөнөтү узартылган өлчөм - 1470,0 миң сомду түздү.

Бул жалпы кечиктирилген карыздын ичинен -1913,5 миң сом өлчөмүндөгү 12 иш сотко берилип сот чечими 400,0 миң сом өлчөмүндөгү насыя суммага чыгарылган, бирок бүгүнкү күнгө бул насыя сумма толугу менен кайтарыла элек. Жалпы кечиктирилген карыздын 61,3% сот органдарына өткөзүлүп берилгендиги аныкталды.

2017-жылдын 1-июлуна карата Бишкек ЧКА тарабынан 5 жумушсуз жаранына 150,0 миң сом өлчөмүндөгү чакан насыя берилген.