Уроки по Joomla 3 можно найти здесь: http://joomla3x.ru/
Шаблоны Joomla 3 здесь: http://www.joomla3x.ru/joomla3-templates.html

12.02.2015 - Максаттуу иш - талыкпаган аракеттен курулат!

Просмотров: 220

Замандын талабына ылайык, мамлекетибиздин гана көзүн карап отура бербей, тескеринче мамлекетибиздин өнүгүшүнө чакан болсо да өз салымын кошоюн деген жарандарыбыздын арасы арбып баратканы көңүл тоёоорлук эмеспи.

Ошондой жарандардын катарын толуктаган борборубуздагы жөнөкөй бир үй - бүлөө жөнүндө азын оолак сөз кылалы дедик.

Корчуев Султан жана жубайы Сабырова Анара чакан ишмердүүлүгүн баштаганына аз гана убакыт болсо да, көзгө көрүнөөрлүк бир топ жаныланууларга жетишип жатышкандары байкалып турат. Барганыбызда Султан байке жаны көчүп кирген чакан имаратта эмгек шаймандарын орноштуруп жаткан экен, иш үстүндө байкени бир аз сөзгө тарттык.

- Саламатсызбы Султан байке? Иш илгери болсун!

- Саламат саламат, айтканыныздар келсин!

- Жаны имаратка отурукташып жаткан экенсиздер?

- Ооба, өзүнөр байкагандай эле, жаны көчүп келдик, орун которуунун себеби мындайча болуп калды да: Биз келинчегим экөөбүз биринчи ишти баштаганда үйүбүздүн бир бөлмөсүндө гана эки машинка менен баштаган элек, анан ишкананы суроо талапка ылайык чонойтууну ойлой баштадык бирок, күнүмдүк тиричилик, бала-бакыра менен үйдө ыңгайлуу болбой калат экен.

- Демек, ишкананызды чонойтуп жатыптырсыз да?

- Ооба. Башында оңой көрүнгөн менен, бара бара каражатка келип такалды. Келинчегим экөөбүз насыя алууну чечтик. Бирок чакан насыя берчү кампаниялардын көбүнө кайрылганыбызда, талаптары бизди канаатандырбай жатты. Анан Бишкек шаардык жумушсуздарды чакан насыя менен камсыздоо агенттигине кайрылып, насыя алдык.

- Агенттиктин талаптары сиздерге оор болгон жокпу?

- Жоок, (күлүп) биринчиден жумушсуз жарандарга берилгени, экинчиден пайызы төмөн кантип жакпасын? Анын үстүнө келинчегим экөөбүз тең Бишкек шаардык Ленин районундагы жумушсуз жарандарды катто бөлүмүндө каттоодо турчубуз. Менин оюмча, кичине берилүүчү сумманы көбөйтсө жакшы болот беле дейм, азыркы убакта баалар кандай экенин көрүп жатпайбызбы. 

- Алынган насыянын максаттуу багытталышына кандай аракет көрдүнүздөр?

- Биз насыя алаарда түзгөн бизнес планда көрсөткөндөй, эки тигүүчү машинка, бир «пятиниточный оверлок» жана башка керектелүүчү каражаттарды акча алаарыбыз менен эле сатып алдык да, болбосо кыргызда жакшы макал бар, «Бышылуу тамактын күйүтү жаман» деген.

- Чакан тигүү цехиниз эми канча адамды жумуш менен камсыздайт?

- Азырынча 2 тигүүчү бар, кошумча дагы 3 тигүүчунү жумушка алабыз деп турабыз.

- Негизинен кандай кийимдерди тигесиздер, заказ берүүчүлөрүңүздөр барбы же жеке заказдар менен иштейсиздерби?

- Заказ берүүчүлөрүбүздү кээ учурда өзүбүз издеп калган учурлар кездешет, негизи тигүү цехин иштеткендер өздөрү деле жакшы түшүнүшөт, жеке заказдар да болот. Аз убакыттан бер кытай жергесинен келген ишкерлерден заказ алып жатабыз.

- Жашыруун болбосо, кандай кийимге заказ берип жатышат?

- Кичинекей балдардын жана өспүрүм балдардын спорттук кийимдерин заказ кылышып, кездемеси менен да өздөрү камсыз кылабыз деген келишим болуп жатат, кудай буюрса.

-Тигүүчү машинкалар бузулуп кала турган болсо, тетиктерин табуу онойбу же кайра баштан жаны сатып алуу керекпи? Мындай учурларда атайын мастерлерге кайрыласыздарбы?

- Эми кудай сактасын, бирок, өзум машинканын тетиктерин оңдоону да өздөштүрүп алгам, өзүңдүн ишканан болгондон кийин, тетиктерди гана оңдоо эмес, эркекмин деп карап туруп албай, тиккенди да өздоштүрдүм. Анткени алдыга койгон максаттарга жетип, ишкананы кеңейтип, иштетүү үчүн бул кадимки гана көндүм иш болуш керек деп ойлойм. Анткени, максаттуу иш талыкпас аракеттен курулат эмеспи.

- Маегинизге чон рахмат. Сизге ийгилик гана каалайбыз!!!